Сириянын Коргоо министрлиги: Израилдин ракеталык чабуулунан үч киши каза болду

168

Сириянын Коргоо министрлиги Израилдин Дамаск провинциясына жасаган ракеталык чабуулунан үч киши каза болгонун билдирди.

“Биздин абадан коргонуу системалары душмандын ракеталарына жооп кайтарып, алардын көбүн атып түшүрдү. Агрессия үч адамдын өлүмүнө алып келди жана бир аз материалдык чыгым болду”, — деп маалымдалды.

Министрликтин маалыматына караганда, Израиль Голан багытынан “земля — земля” аталышындагы ракеталарын колдонгон.

Буга чейин, кол салуудан улам Дамаск эл аралык аэропортуна жакын жерде өрт чыгып, эки каттам кармалып калганы кабарланган.

Булак: Чындык Медиа (ChA)

0