Кыргызстанга салам! Шевченко Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду

939

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 261 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Жесика Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду. Турнир 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өттү.

Эки раундга созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөтүп, экинчи раундда атаандашы Жесиканы жерге жыгып, катар-катар сокку уруп жатканда калыстар беттешти токтотту. Техникалык нокаут менен жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери беш жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат.

Валентина Шевченко – эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбоксингдин К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.

Беттештин соңунда Валентина Шевченко туулуп өскөн мекени Кыргызстанга салам айтып, боордошторун жакшы көрөөрүн жана мекендештеринин колдоосун сезээрин билдирди.

0