Штефан Таркович Азия кубогунда Кыргызстан курамасынын мүмкүнчүлүктөрүн айтты

366

Алдыда боло турган Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасы күчтүү атаандаштарына ээ болду. Буларды эске алуу менен команда оюндарга болушунча кызуу даярданууга аракет кылат. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Бишкекте өткөн алгачкы маалымат жыйынында билдирди.

“Мен билем, биздин команда 2019-жылы Азия Кубогунда ойногон, ал жакта да кыйын топ болгон. Мен муну айтам: максаттар жогору коюлат. Дүйнө чемпиондугунда абдан жакшы ойногон Сауд Арабия курамасы сыяктуу биздин каршылаштарыбыз абдан күчтүү. Таиланд жана Оман курама командалары жөнүндө да ушуну айта алам — абдан күчтүү атаандаштар. Бирок биздин өз максаттарыбыз жана амбицияларыбыз бар. Кубокко мүмкүн болушунча ыкчам даярданууга аракет кылабыз”, — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз футбол союзу Улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен келишим түзгөн. Келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

Словакиялык футболчу жана машыктыруучу 50 жашта. Ал мурда Словакия курама командасын жетектеген. Башкы машыктыруучу катары Штефан Таркович курама команданын 2020-жылы Европа чемпионатына чыгуусуна жетишкен. 2022-жылдын июнь айында Словакиянын футбол союзунун Аткаруу комитети аны кызматтан бошоткон. Иштен бошотуунун себеби улуттук курама команданын жыйынтыктарынын канааттандыраарлык эместиги болгон. Тактап айтканда, Улуттар Лигасында Казакстандан утулгандыгы үчүн.

Белгилей кетсек, Александр Крестинин апрель айынын башында КРнын Футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткен.

0