“Шпиондукка” шектелген Разаков мыйзам алдында жазага тартылабы?

1294

2019-жылы март айында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын “шпиондугуна” шектелгени, бүтүндөй ЖМКлар жазганы, Жогорку Кеңештин депутаттары да бул маселени көтөрүп чыгышканы эсиңерде болсо керек. “Азия Ньюс” гезити да: “Шок. Жеңиш Разаков Тажикстандын агентиби?” деген суроо маанайында макала баскан эле. Доогер агезде “лам” деп ооз ачпай, беш ай өткөндөн кийин гана гезитти жана башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевди сотко берген. Кызыгы, Разаков башка ондогон ЖМКлардын жазганын көз жаздымга калтырып, биздин үстүбүздөн арызданганы саясый буйруктун негизинде, өч алуу таризиндеги аракети беле?

“Азия Ньюстан” миллиондорду өндүрүп алууга ашыккан вице-премьер-министр бир жылдан ашык убакыт доолашып жүрүп, акыры 50 миң сом энчисине ыйгарылды. Октябрь районунун судьясы Ч.Адамкулов башта 1 миллион сом айып пул салып, гезиттин ишин токтотууга кыйла аракет жасаган. Кийин Бишкек шаардык соту береги чечимди бузуп, 50 миң сомго түшүргөн. Булар калыстыктан тайышып, мыйзамсыз багыт алышып, эркин басма сөздү муунтууга аракет жасагандар. Мындайлар акыры жазасын алышат…   

Ал эми Жеңиш Разаков он жылдай мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап жүрүп, артынан чуулганы басылбаган кадр катары эсте калганын кантесиңер? Бул эргул Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын төрагасы катары адилетсиз, бир жактуу чечим чыгарганы жалганбы? Ооба, суроолор көп. Жакында “жаназасы” окуларын каалабайбыз, бирок мыйзам алдында жазага тартылабы?

“Азия Ньюс” гезити

+1