Ширшовдун кадры, “Биримдиктин” талапкери, “Дастандын” дардаңы Иманов таңгалдырды

355

Башынан Ширшовдун кадры катары сыпатталып, анын арты менен өсүп, 2020-жылы “Биримдик” партиясынан депутаттыкка аттанган Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министри болду. Баштапкы кесиби күзөтчү “каарманыбыз” аталган мекеменин кадры эмес. Билими, тажрыйбасы деле ортозаар. Таңгаласың. Эмнеге профессионал адисти министрликке көтөрө алган жокпуз? Учурда мыкты IT кызматкерлери арбын, мына ошолордун бирин жогорку жетекчиликке дайындаса, өнүгүүгө жол чабат элек. Тилекке каршы, кайсы бийлик келбесин, жол тапкычтыгы менен өзгөчөлөнгөн “шылуунду” тандадык. Талантбек Иманов убагында “Дастан” ишканасын жетектеп, кыйратпаганы аз келгенсип, эми карьералык секирик жасаганы кандай? Же көлдүк болсо эле көз жумду мамиле кыла беребизби?

“Азия Ньюс” гезити

0