Ширшов шопуру аркылуу кыргыздын байлыктарын «устукандайбы»?

549

Максим Бакиев ЦАРИИни жетектеп турганда Жетим-Тоо, Арпа, Аксай чоң долбоор катары Кытайга кетип кала жаздаганын билесиңерби? Ошондо Алексей Ширшов чоң роль ойноду беле?

Ызы-чуу менен элибиз каршылык көрсөтүп, алтындан баалуу жерлерибиз сакталып калган. Эми Ширшовдун кайтып келиши, күңүрт схемалар менен иштей баштаганы ыраспы?

Натыйжада, мамлекеттин кайсы байлыктары «устукандалат» болду экен? Баса, санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов убагында Ширшовдун шопуру эле.

Экөөнүн мамилеси бүгүнкү күнгө чейин жакшы экени ачыкталды. Кызыгы, санарип өнүктүрүү министрлигине мамлекеттик мүлк фондусундагы бир катар баалуу ишканалар өтүп жатканы ЖМКларга жарыяланды. «Колбаласы» турганда, эми Ширшов баарын тууралайбы?

Булак: Азия News гезити

0