Шаки төбөлдөр менен тил табышса, миллиондорду «кусса», балким келсе керек…

498

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовго кысымдар жасалып, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону жазылып келди. Ошондон бери ден-соолугунун камын көрүп, Дубайдан боорунун жарабай калган жерлерин кестирип салып, жогорку деңгээлдеги дарыгерлердин колунан сакайып чыкканын эшиттик. Учурда саламаттыгы жакшырып, эс алуу күндөрүн ойдогудай өткөрүп жатыптыр. Бирок Кыргызстанга качан келери белгисиз. Төбөлдөр менен тил табышса, миллиондорду «кусса», балким келсе керек. Күзгө карай саясатка аралашып, парламенттик шайлоого өз кишилерин алып чыгууга бел байлаганы болжонууда. Шакинин мээси иштейт, акчанын күчү менен саясатка карай позициясын бекемдеп алаары шексиз.

Булак: Азия News гезити

0