Биздин мамлекет өтө оригиналдуу десек жаӊылбайбыз. Анткени, бизде гана министр болуп туруп, депутат болуп туруп деле этика дегенге эшектин тушамышын ката коюп элирип кетмейибиз бар. Өзгөчө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов бул жагынан алдына ат салдырбайт. Аткаруу бийлигинин өкүлү экенин унутуп калып эле кандай иш болсо башын тыга берген адаты бар. Ачыктан ачык эле бийликтин “секретаршасы” да болуп чыга келет. “Секрет-мекрет”-дегендериӊди да уруп ойнобой балп эттирип салмайы бар. Баса, кезинде бир партиянынбы же бир лидердинби “Секретин” соодалап да жиберип, өлкөдөн чыга качпады беле. “Соц.сеттерде”, Интернетте, “чат-паттарда” өлө активдүү. Баардык “соц.тармактарга” катталган, баардык жактан пикир билдиргенге жетишет. Аларын карап олтуруп «Байсалов интернетте эле олтурат, кайсыл убакта иштеп атат?», — деген суроо туулат. Же Эдикенин эрмеги, “тоюс” аткарган милдети соцтармактарда ар ким менен “согушуубу?”
Булак:Де-Факто