Сейрек кездешүүчү жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-апрелде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшкан.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан Кыргыз Республикасынын 1972-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранына тиешелүү Toyota Previa автоунаасын кармашкан.
«Автоунааны текшерүү учурунда чек ара кезмети беш баш асыл маралдарды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунган экен. Жагдайды аныктоо максатында унаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү – Өзбекстандын жараны кармалган. Сурамжылоо учурунда жаныбарларды Өзбекстанга өткөрө тургандыктары аныкталган. Айдоочуда болсо маралдарга тиешелүү болгон эч кандай документтер болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.
Учурда беш баш маралдын баасы канча тураары такталууда.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.