Саясатчы Бектур Асановдун апасы каза болду

280

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асановдун апасы каза болду. Бул тууралуу саясатчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Мен үчүн эң кымбат, алтын апамдан айрылып калдым”, – деп жазды ал.

Бектур Асанов былтыр өткөн президенттик шайлоого талапкер болгон. Кийинчерээк Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бектур Асановдун жана дагы эки талапкердин соттолгондугу жоюлбагандыктан, талаптарга жооп бербегендиги жөнүндө маалымкат берген.

Чындык.МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты Бектур Асановго жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

+1