Салымбековдордун “Эмгек” партиясы Бишкекти “басып алууга” эмнеге жутунуп жатышат?..

1744

Бишкек шаардык кеңешине мурдагы шайлоолордо анча билинчү эмес эле, бул жолу “мен” деген олигархтар өз партияларына ага-тууган, бала-чака, кыз-кыркын болгон жек-жаатын, жакын адамдарын шыкап, шааркеңешке депутаттыкка өткөрүүгө колдо бар каражатын, күчүн аябай жумшап жан үрөп жатышат. Мунун себеби эмнеде? Себеби караламан көпчүлүккө анча белгисиз болушу мүмкүн, бирок депутат болууга же өз кишилерин депутат кылууга жулунуп жатышкандар өздөрү себебин жакшы билишет.Чоң базардын башчысы Аскар Салымбеков жайнаган ага-туугандары менен эмнеге шааркеңешти “басып алууга” аракет кылып жатышат деп ойлойсуз? Байлыгы кудайга шүгүр бул дүйнөгө жеткидей эле бар. Буга чейин эле борбордогу болгон майлуу-сүттүү жерлерди алганын көпчүлүк билет. Дегеле шаардагы ырыстуу жерлердин баарын басып алууга аракет кылган шаар башчынын кереги барбы? Көбүнчө чөнтөгүнө иштеп көнгөндөр шаардыктардын көйгөйүн чече алабы? Илгери Бишкектин биринчи старостасы, шаар башчысы Илья Терентьев деген аты тарыхта калган мыкты шаарбашчы болгон. Аны көзү небак өтсө да, артында үйү калган. Терентьевдин үйү убагында шаардын тарыхый маданий эстелиги катары таанылган. Үйдүн азыркы абалы такыр урап жок боло турган акыбалда. Бирок 2013-жылы ошол кездеги шаар бийлиги бул үйдү сактап калбасак болбойт деп чамынып чыгышат. 2015-жылы Аскар Салымбеков бул маданий эстеликти калыбына келтире тургандыгын айткан дейт. Терентьевдин үйүнүн маңдайында жашаган тургундар журналисттерге бул эстелик үйдү өрттөп жок кылууга бир топ аракеттер болгонун айтып беришкен. Эски үйдү өрттөп жок кылууга ким кызыкдар болушу мүмкүн? Бирок эски үй турган бул жер мамлекеттики да деши ыктымал. Көрсө, андай эмес экен. Бул жер небак эле дордой-салымбековдордун менчигине өтүп кетиптир дейт. Жер 49 жылга ижарага кетиптир. Азыркы көз ачып-жумганча өзгөрүп турган кырдаалда 49 жыл деген менчик деген эле кеп да! А 49 жылдан кийин ким бар, ким жогун эч ким айталбайт эмеспи. Деги бул базарчылар качан тоет? Бишкекте базардан башка бирдеме деги курулабы? Же базарчылар Бишкекти жеке чоң базарга айландырып салгылары барбы? Болбосо “Эмгек” деген саясий партия эмей эле “Дордойдун” кезектеги базар долбоору экени сокурга да көрүнүп турбайбы…

Булак:БеспределKG баракчасы

+2