Март айында салык кызматынын төрага орун басарлыгына 26 жаштагы Исламбек Кыдыргычев дайындалган. Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп, эми эле иштей баштаган кадрдын чагылгандай тездикте секирик жасаганы коомчулукту таңгалдырган болчу. Көпчүлүк бекеринен арасат абалда калбаптыр. Маанилүү кызматты аркалаган Кыдыргычев кыр аша албай, коллективине нааразычылык жаратып атканы каңкууланды. Тажрыйбасы жетпегени, жогорку “крышасына” таянганы талкуу жаратууда. Ансыз да салык тармагы аксап жатканда, адашкан баланы бөпөлөй берүү кимге опо? Эрксизден жылмаясың да. Мындай жүрүш менен кантип өнүкмөк элек?
«Азия Ньюс» гезити