Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп Салмоорбек Жумабеков дайындалды. Бул маалыматты атайын кызмат тастыктады.
Салмоорбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабековдун уулу. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Орусиядагы чалгын акамедиясын бүтүргөн. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жетекчилик кызматында иштеген.
+1