Саламаттык сактоо министри COVID-19га каршы биринчилерден болуп эмделет

94

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө 29-мартта Бишкектеги медпукттардын биринде өтөт.

Белгилей кетсек,Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Учурда Ош шаары жана Чүй облустарына вакцинаны жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берген.

0