Садыр Жапаров Өзбекстанга “коридор” берүү тууралуу убада берген эмес!

987

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары жемиштүү болгонун президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуулары кыргыз-өзбек мамилелерин калыбына келтирип, кызматташуунун жаңы сапаттык деңгээлин түптөдү.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы эки өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду. Учурда беш өткөрүү пункту иштеп жатат. Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр.

Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген  Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди.

Демек, эки президенттин бул жолугушуусу бир топ көйгөй жараткан маселелерге чекит койду. Ал эми кечээтен бери коомчулукта коридор маселеси көтөрүлүп, талкуу жаратты. Албетте, бул теманы коомчулукка жайылтып, элдин башын айлантууга кызыктар тараптардын бар экенинен кабар берет. Жолугушууда коридор тууралуу сөз болгон эмес, болгону мурда жабылган постторду кайрадан ачуу тууралуу бир бүтүмгө келишкен. Ал эми бөйрөктөн шыйрак чыгырып, жалган маалымат таратып жаткандардын башында аткезчилер турушу ыктымал. Анткени алар посттордун ачылышына кызыктар эмес, аткезчилик жол менен жан багып көнүп калышкан. Учурда эки эл посттор жабылганына байланыштуу карым-катнаш жүргүзүүдө кыйналып келишет. Мыйзамдуу посттор ачылса контрабанда токтоп, эки элдин карым-катнаш түзүүсүнө шарт түзүлөт. Ушундай келишимге Тажикстан тарап менен да кол койсок туура болот. Официалдуу посттор ачылса, ал жакка кеткен контрабандага чекит коюлмак.

Коомчулукта талкуу жараткан коридор маселеси боюнча Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев үн катып, түшүндүрмө берип койбойбу? Антпесе бузуку ушактологдор бул учурду пайдаланып, бийликтин аброюна шек келтирүүдө.

Булак:Чындык

0