Садыр Жапаров: “Максатым — тарых барактарында ак кызматым менен калуу”

2352

ВБ” редакциясы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен маектешти. Мамлекет башчысы учурда маанилүү болуп жаткан бир катар суроолорубузга жооп берди.

 Салам алейкум! Садыр Нургожоевич, мага кенен убакыт берип, бардык суроолорума жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем.

— Алейкум салам! Эч нерсе эмес. Суроолоруңузду бере бериниз.

 Асман шаарын салабыз деп жар салдыңыздар. Акча каражатты кайдан табасыздар? Бул суроону бергеним, коомчулукта “алыскы айрым айылдарда таза суусу жок олтурушат, андан көрө ошолорго суу чыгарып бербейсиңерби” деген маселелерди көтөрүп жатышат.

— Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган.

Ушул жерден бир нерсени айта кетейин.

Мен бийлике келген биринчи күндөн баштап эле өлкөбүздөгү чоң-чоң долбоорлорду изилдеп баштадым. Анын ичинде эл каршы чыгып Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор да бар. Толук изилдеп чыксам бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100 пайыз пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумушчу оруну түзүлмөк экен. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Бул жерге салчу акчабызды башка долбоорлорго жумшап салдык эле деп олтурушат. Эми тескерисинче болуп калды. Эл макул, инвестор каршы. Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбаш керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта жаттым эле. Мен деле эл тарап болуп каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен.

 “Кумтөрдүн” тагдыры элдин баарына кызык болуп жатат. Бул маселени кандай чечип жатасыздар?

— “Кумтөр” боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. “Кумтөр” бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула.

— Казакстанга элдик толкундоолорду басыш үчүн аскер жибердиңиздер. Бул меселеде элдин бир бөлүгү “казак туугандар менен мамилебиз бузулат” деп каршы болсо, айрымдары туура эле болду дешти. Сиздин оюңуз боюнча кандай болду?

— Биз элдик толкундоолорду басыш үчүн жиберген жокпуз. Стратегиялык объектилерин кайтарып берүү үчүн гана жибердик. Казакстандын Президенти ЖККУга кайрылды. Кайрылгандан кийин биз жардам беришибиз керек. Анткени эл аралык келишимдерди аткарабыз деп милдеттенме алып, кол коюшуп эл аралык уюмдарга киргенбиз. Эгер милдеттенмелерибизди аткарбасак, анда бизди башка мамлекеттер мамлекет катары көрбөйт эле.

Силерге кыйнчылык түшкөндө биз барбайбыз, а бизге кыйынчылык болгондо силер келип тургула деген бир жактуу өзүмчүл мамиле кылган болмокпуз. Баарын майдалап айтып олтурбайын, көп жактан бизге минус болуп калмак.

— Эми акыркы суроом. Экономикабыздын акыбалы кандай? Кээ бир адистер “экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт” деп айткан жайлары бар…

— Экономикабыз, Кудайга шүгүр, жакшы. Азыр 500 млн долларыбыз бар. Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Азыр бул акчаларды бөлүштүрүп жатабыз. Февраль айынан баштап дыйкандарыбызга, фермерлерибизге 6 пайыз менен үч жылга чейин “Айылбанк” жана РСК банктары аркылуу кредиттерди бере баштайбыз. Жери, фермерлик чарбасы бар ар бир кыргызстандык кредит ала алат. Буга 15 млрд сом бөлүүдөбүз. Ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берип жатабыз. Булар азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат.

1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн бөлүп бердик. 1 миллиард сом ирригацияга бөлдүк. Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз.

Ал эми “экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт” дегендер – өздөрүн бийликте көргүсү келген саясатчылар. Алардын ою боюнча өздөрү министр болуп бир креслого олтуруп калса, Кыргызстандын телегейи тегиз, баары “жипке тизгендей” болуп калат. Өздөрү кызматта жок болсо, “баары өлдү – тиги тармак өлдү, бул тармак өлдү” деп наалып жүрө беришет. Андайларга көп ишене бербегиле. Менин ар бир жасаган ишим, кабыл алган чечимдерим мамлекеттин, жалпы элдин гана кызыкчылыгына болот. “Жети өлчөп, бир кесебиз”, мага ишенгиле. Менин максатым – тарыхтын ак барактарында ак кызматым менен калуу.

Булак: Вечерний Бишкек басылмасы

+1