Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.
Курултайда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Савай айыл өкмөтүнүн делегаты Зайырбек Жоошбековдун жер боюнча коррупциялык иштер тууралуу сөзүнө жооп берди.
“Биз дагы болушунча күрөшүп жатабыз. Жер-жерлердеги коррупциялык иштер бар болсо арызды жаза бергиле, анткени аны жазганда ал сөзсүз сакталык калат. Каттоодон өтүп, калтырып кетсеңиздер акыры бир күнү ал маселе көтөрүлөт. Балким, биздин колубуз жетпей, билбей калган болсок берсеңиздер болот. Бизге жардам гана болот”, — дейт өлкө башчы.
Курултайда президент Садыр Жапаров делегат Жылдызкан Жолдошеванын парламенттик башкарууга өтүү керек деген пикирине жооп берди.
“Парламенттик жана президенттик-парламенттик дагы башкарууну көрдүк. Бирок жыргап кеткен жокпуз. Экөөнү тең көрүп, иштедим. Акыркы 10 жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө “монстр” болуп алды, андан кийин өкмөт жана президент. Эч бир маселе чечпей бири-бирине шылтап, түртүп коюп эле отура беришти. Бир кагазды үч жылда дагы кабыл албаган учур бар экен. Эч ким жоопкерчиликти албайт. Азыр болсо президент менен министрлер кабинетинин аппараты биригип, бир сааттын ичинде айрым токтомдор кабыл алынат”, — деди ал.
Жапаров акыркы 30 жылда жоопкерчиликти бири-бирине илип койгондун айынан 35 премьер-министр алмашканын белгиледи.
Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын чет өлкөлүк ишканаларга сатылып кеткен лицензиялар боюнча кайрылуусуна жооп берди.
“Бул бизге чейин болгон. Биз келгенден бүгүнкү күнгө чейин (эки жыл) алтын кендери боюнча 148 лицензияны кайтарып алдык. Буйруса, бул кендерди мамлекет өзү иштетет же инвесторго берсек, 30 пайыздан кем эмес таза кирешеси мамлекетте калат. Мындан ары лицензия сатылбайт”, — деди өлкө башчы.
Курултайда президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча делегаттардын кайрылууларына жооп узатты.
“Өзбекстан менен жакында чек ара маселесин чечип алдык. Тажикстан менен дагы чек ара маселеси боюнча алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик. Бирок кол кое элекпиз. Эки тарап тең макулдукка келип, Камчыбек Ташиев (ред.: УКМКнын төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жетекчиси) Тажикстанга барып алдын ала кол коюп келди. Жакында алардан делегация бизге келип, кол коюшат. Андан кийин парламентке алып барабыз. Азыр алар менен ок атышпайлы, эч кандай чыр-чатак чыгарбайлы деп сүйлөштүк”, — деди президент.
Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын Россияда кыргызстандыктар баңгизат менен камалып жатканы боюнча сөзүнө жооп узатты.
“Былтыр Кыргызстанда 3 тонна баңгизат алынган. Тажикстан менен чек арабыз жабык болгону менен ар кандай жол менен баңгизат келе берет экен. Быйыл 6 тонна алынды. Россияда делегат айткандай 2 миң эмес, 900гө жакын кыргызстандык камакта жатат. Жарым жылдан бери башкы прокурор бул багытта иштөөдө. Баңгизат боюнча камалгандардын баарын чогултуп, Кыргызстанга алып келели деп жатабыз. Бул жактан жазасын өтөшөт”, — дейт президент.
Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын Кыргызстанда электромобиль чыгарган ишкана куруу сунушуна жооп берди.
“Электромобиль чыгарган ишкананы Бишкекке курсак болот. Токтоп турган завод, фабрика, имараттар көп. Ошол жерге салсак болот, бул жагын карайбыз. Кимдер кызыкдар болсо инвесторлор менен долбоорлорду иштеп, алып келсеңиздер болот. Өкмөт дагы көңүлгө алат”, — деди мамлекет башчы.
Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын армиядагы “дедовщинанын” айынан балдардын өлүп жатканы тууралуу сөзүнө жооп берди.
“Аскер каза болду десе бир гана Коргоо министрлигин күнөөлөй бербеш керек. Анткени, аскерлерибиз ИИМ, ӨКМ, Жаза аткаруу кызматы, УКМКнын Чек ара кызматында дагы кызмат өтөшөт. Кайсы тараптагы кызматтан каза болгонун билиш керек. Кыргызстанда “дедовщина” 100 пайыз жок деп айта албайм, бар. “Дедовщинанын” айынан кимдир бирөөнүн мурду канай турган болсо, командири камалат”, — деди ал.
Жапаров эки жылда аскер тармагына 53 млрд сом бөлүнгөнүн белгилеп өттү.
“Буга чейин бир дагы сом бөлүнбөй, жалаң грант менен жашаган. Керек болсо, кийимдерди дагы ар кимден: Түркия, Америка, Кытай, Россиядан келгенин кийип жүргөн экен. Азыр баарын өзүбүздөн каражатыбызга алып жатабыз”, — деди өлкө башчы.