Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасы боюнча түшүндүрмө жазды

466

Бүгүн, 4-мартта Президент Садыр Жапаров “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү “Садыр Жапаров” аттуу тайпага өзүнүн жеке баракчасы тууралуу түшүндүрмө жазды.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр. Мен жасалма аккаунттардан жазып жатышса керек деп ойлогом, тилекке каршы менин жеке аккаунтум экен. Колдонуп жүргөн жардамчымдан сурасам, “биз эмес” дейт. Азыр менин мурдагыдай интернет карап отурганга убактым деле жок.
“Фейсбукту” эле сындырып киришеби же «Одноклассники» менен “Инстаграмды” да буза алышабы?”, – деп жазды президент.

Кечээ, 3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун “Фейсбук” баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылып, түйүндүн колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.

0