Садыр Жапаров Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышына катышты

72

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, борбор калаа ысымын алып жүргөн Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышына катышты, – деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мекендештер!

Ордо калаабыздын кадырлуу тургундары!

Бүгүн биз өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынын тарыхындагы өтө маанилүү окуяга күбө болуп отурабыз. Анткени түрө жыйылып келип, аты-жөнүн борбор шаарыбыз көтөрүп жүргөн атактуу адамга арнап, анын алдындагы парзыбызды өтөп, салтанаттуу жагдайда эстелик орнотуп жатабыз.

Кыргызда „арбагы бийик, арбагы тирүү“ деген илгертен келаткан ата сөзү бар эмеспи. Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон ошондой касиеттүү адамдардан болгон экен десем, сөз чындыгынан бузулбас. Анын ысымы кылымдан кылымга үзүлбөй угулган санжыргалуу аңыз катары эле айтылып тим болбостон, адегенде Сары-Өзөн Чүйдүн боорундагы укумдай жер атына айланып, ал эми ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды. Дегеним, оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жерге оболу төбөсү ыраактан көрүнгөн күмбөз тургузулса, кийин соңунда „Пишпек-Ата коргону“ аталып кеткен ал жер калайык калк сыйынган ыйык жайга айланып, тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, ушул процесс токтобой уланып жүрүп отуруп, акыры чоң шаар калыптанды.

XVII–XVIII кылымдар — кыргыз эли душмандар менен кырды бычак түшүп кырылышкан кандуу жана калабалуу окуяларга бай, элибиздин эстутумуна терең из калтырган доор. Ошол окуялардын бир даары элдик эпостордун сюжетин түзүп калды, бир даары эл оозунан алигүнчө түшпөй, уламыш-санжыра болуп айтылып келет. Ошол заман — Эр Солтоной, Атаке баатыр, Бердике берен, Жайыл баатыр, Эсенгул баатыр, Качыке баатыр дегендердин заманы болгон экен. Мына ушулардын заманында Бишкек баатыр да эл четинде, жер чегинде туруп, эрдиги менен таанылган.

Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылышууда. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда. Ал турсун анын чыныгы ысымы кандай болгондугу тууралуу тактоолор, жаңы версиялар жаралып, шаарыбыздын узак тарыхын изилдөөнүн бир багыты болуп калды. Бул изденүүлөргө ийгилик каалайбыз.

Урматтуу шаардыктар!

Борбор шаарыбыздын көркүн арттырууга албан иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы баарыбызды кубандырат.

Ушул аракеттер шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасоо менен коштолушу керек деп эсептейм. Маселен, эл оозунда „Темир усталар сепили“ деп аталып жүргөн байыркы Жуль шаарынын калдыгын изилдеп, көп кечиктирбей Бишкек шаарынын тургундары суктанган, саякатчылар каттаган тарыхый-маданий бурчуна айландыруу зарыл. Анткени байыркы түрктөр менен согдулар түптөгөн, башаты бешинчи-алтынчы кылымга барып такалган Жуль шаарынын калдыгы — бизди байыркы маданияттар, анын ичинде Улуу Жибек жолу менен байланыштырып турган таберик. Учурдан пайдаланып, шаардын мэринен, маданият министринен Бишкек шаарынын тарыхый-маданий эстеликтерине көңүл бөлүп, кам көрүүнү өтүнөмүн.

Бүгүн болсо шаарыбыздын жасалгасы дагы бир эстелик — Бишкек баатырдын эстелиги менен толукталып жатат.

Баарыңарды ушул маанилүү окуя менен куттуктаймын. Борбор шаарыбыз өнүгүп-өсө берсин!».

0