Садыр Жапаров Азаттыкка берген маегинде чуулгандуу суроолорго жооп берип, көп сырды ачыктады

3026

Президент Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүү адамдар боюнча “кош стандарттуу саясат” жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди.

Жапаровдун айтымында, АКШ кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат. Бул үчүн мамлекет башчысы АКШны сындады.

Экономикалык кылмыштарга шек саналган Шадиевден башка дагы бир нече саясатчылар АКШда жүргөнүн айткан Жапаров башка чиновниктердин атын атаган жок.

«Мен Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШнын элчилигине «Кылмыш ишин бизге берсин (ред: Камчыбек Көлбаевдин), фактыларын, далилдерин бизге берсин, биз ачык соттоп берели. Элчилигинен келип сотко катышсын» дедим. Биз карабай койсок айтса болот эле. Ал башында (ред: Камчыбек Көлбаев) «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен камалган экен. Азыр бир нече сумма төгүптүр. Калганын азыр чыгып төгүп берип жатат. Ал киши өлтүргөн жок. АКШ «ал маңзат ташыган, фактылар бар» деп атат. ” (Фактыларды – ред.)…бер” десек бирок бербейт», – деди.

Маек үстүндө президент Конституциялык реформага да токтолду:

“Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты “жиликтеп”, үйрөнүп калды”, – деди президент.

“Кыргыз Республикасы – демократиялык мамлекет бойдон калат”, -деп билдирди президент Садыр Жапаров 15-мартта “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда.

Президенттин айтымында, азыр “Кыргызстанда саясий куугунтук жок”. Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу деген суроосуна Жапаров “Абдил Сегизбаевге кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, андан башка 15-16 талапкерге эч кандай куугунтук болбогонун”, айтты.

Ошол эле маалда Садыр Жапаров оппозция менен кызматташууга даярдыгын, алардын аттуу-баштууларын кабыл алып, Конституция, тышкы карыз боюнча суроолоруна жооп берип, сунуштарын угуп жатканын да кошумчалады.

Мамлекет башчысы аялдардын укуктары боюнча суроого жооп берип жатып, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түпкү себеби – акыркы 15-25 жылдагы экономикалык кыйынчылыктарда, миграциянын күчөп кеткендигинде экенин белгиледи.

“Балдар каралбай, ата-энелери мигрант болуп кетишти. Ошол балдардын алды үйлөнө башташты. Кенемтени толтуруу үчүн мамлекеттик олуттуу программалар иштейт”, – деди Жапаров.

Президент ошондой эле сөз эркиндиги жана журналисттердин жеке коопсуздугу да сактала турганына кепилдик бардыгын интервьюсунда бекемдеди.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген экслюзивдүү интервьюсу маалында Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн билдирди.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Садыр Жапаров бул объекттер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объекттерди алууга укуктары бар экенин айтты, бирок, алар кайсы объекттер экендигин мамлекет башчысы тактаган жок.

Президент мындай келишимге мурдагы бийлик кол койгонун, өз убагында келишимди андан жумшагыраак түзгөнгө мүмкүнчүлүк болгонун айтып, Кыргызстан тышкы карызды азыркы тапта өз убагында кайтарып жатканын жана мындан ары дагы өз маалында төлөй турганын кошумчалады.

«Бул долбоорду мен алам дейт. Мисалы, ЖЭБ, «Түштүк-Түндүк» жолу, «Датка-Кемин». Ошолорго алганбыз да баарын. Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын деле алганга укуктары бар. Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар», – деди Жапаров.

Ал Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн айтты.

Анын сөзүнө караганда, Өзбекстан менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калган жок. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып, тиешелүү документтерге кол коюп келет.

Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу суроого да жооп берди.

«Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен», деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат. Ал эми Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) боюнча Шавкат Мирзиёев «Биз талашпайбыз (претендовать этпейбиз), силерге таандык боло берсин» деди» – деп билдирди президент.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди.

Мамлекет башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду.

«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп, көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», – деди Садыр Жапаров.

Президент Жапаров Сегизбаевге кылмыш иши ал президенттик шайлоодо талапкер болгонго чейин эле козголгонун белгиледи. “Андан тышкары да Сегизбаевге 5-6 иш ачылган”, – деди Жапаров.

Булак: Азаттык

0