Сабырбек Жумабековду каралоо аракети жүрдүбү?

811

Академик Сабырбек Жумабеков дүйнө жүзүнө белгилүү адискөй ортопеддердин бири. Аны АКШ, Турция ж.б өлкөлөр жогорку айлык маяна менен жумушка чакырып келгени баарына маалым. Бирок, жүрөгү кыргыз деп соккон дарыгер Кыргызстанда өзүнүн шакирттерин тарбиялап, ортопедия тармагын өнүктүрүп, көптөгөн илимий ачылыштарды жасап, аны менен катар муктаждарга  жардам колун сунуп келет.

Акыркы күндөрү соц тармактарда тараган “С.Жумабековко кайрылган бейтап апа 25 миң доллар берсең гана операция жасайм деди” деген пикири көпчүлүктү таң калтырды.

Бул маалымат атайын Сабырбек Жумабековду каралоо иретинде пайдаланууга багытталганбы? Аныгында жогорудагы бейтапты Сабырбек Жумабеков бир дагы жолу көрбөгөнүн эшиттик. Жакын арада Сабырбек Жумабеков ал бейтапты барып көрүп, абалы менен таанышары маалымдалды.

Белгилей кетсек, сөөктөрүнө залака кеткен бейтаптарга операция жасоо үчүн атайын тетиктер (имплант) керектелет, тилекке каршы ал тетиктердин баасы кымбатыраак. Эгер керектелүүчү  тетиктери болгон учурда Жумабеков бекер операция жасап бергенге даяр. Биз билгенден Сабырбек Жумабеков канчалаган муктаждарга кол сунуп, кыргыз элинин ак батасына арзып келатканы талашсыз.

ЧЫНДЫК

+2