Сабырбек Жумабеков: Борбор калаада заманбап технологиялар менен жабдылган оорукана курулат

249

Бул тууралуу академик, белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков өздүк баракчасына жазды.

Анда:
“Урматтуу достор бизде жакшы кабар. Көптөн бери аракет кылган мээнетибиз жанды.
Бүгүн Катар мамлекетинин Кыргыз республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда Элчи мырза Катар мамлекетинин Өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаны тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдууланган жаңы имаратынын курулушуна багытталган 9 млн. 240 миң АКШ доллар көлөмүндө каржылоого бөлүнгөнүн билдирди. Бул биз үчүн бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз. Ошондой эле жолугушуу учурунда Элчи мырза борбордогу курулушту жүргүзүү аянтын көрүп, курулуш иштери тез башталганы абдан жакшы болоорун билдирүү менен, Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин айтып кетти. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулушту аягына чейин, бүткөнчө өздөрү толугу менен көзөмөлгө алыша турган болду.(түшүндүңөр да.).
Жер, документер, ж.б. кагаздар Бишкек мэриясы тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эртерек бүтсө, ошончолук курулуш эртерек башталат” – деп жазылган.

0