Сүйгөн кызынын өлгөнүн уккан индиялык студент өзүнө келбей көз жумду

545

Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде окуган индиялык студент жигит каза болду. Бул туурасында Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Индияда жашаган сүйгөн кызы оорудан улам өлгөнүн уккандан кийин стресске түшүп, өзүнө келбей жүрүп каза болгон. Студенттин өлүмүн Ош мамлекеттик университетинен тастыкташты. Маркум Д.Б. ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 6-курсунун студенти болгон. Ал 15-майда саат 15:30 чамасында көз жумган. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок. Өлүм курч жүрөк кан тамыр жетишсиздигинен, жүрөктүн коронардык оорусунан улам болгон. Мындан улам өпкөдө жана мээде шишик аныкталган. 

Анын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча бардык тийиштүү иштер жүрүп, керектүү документтер даярдалып, 17-майда Кыргызстан–Индия аба каттамы аркылуу жакындарына жөнөтүлдү.

Арыба.кж

0