Рустам Балтабаев: Кластердик өнүктүрүү азык-түлүктүн импортуна көз карандылыкты азайтат

1045

Ушул тапта “Жаздын бир күнү жылдын он күнүнө тете” дегендей, жаз жарыш иштери кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандагы ири ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн башын кошкон Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев учурдагы негизги маселелер, чечилбей жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

 Рустам мырза, Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы качан түзүлдү, ал эмне иш кылат?

— Ата мекендик агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясын түзүүнү 2019-жылы ишкерлер көтөрүп, ошондон кийин түзүлгөн. Биз үч багытта иш алып барабыз: фермерлерге айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды окутуу жана үйрөтүү менен алардын деңгээлин жогорулатуу, экинчиден, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүү, үчүнчүдөн айыл чарбасы боюнча экспорттук потенциалды көбөйтүү.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, азыр бизде 462 миң фермердик чарба бар экен. Ал эми биздин ассоциацияда 70ке жакын ата мекендик өндүрүүчүлөр бар. Бирок бизде фермерлер көп болгону менен баары тең майда товардык чарбалар болуп жатат.

 Айыл чарба жаатында ири өндүрүүчүлөр менен иштеген адам катары айтсаңыз, Кыргызстан өзүн кайсы продукциялар менен толук камсыздай алат, канчасын сырттан ташып келет?

— Акыркы убакта агроөнөр жайга абдан олуттуу көңүл бурулуп жатат. 2009-жылы эле өкмөттүн токтому менен атайын жобо бекитилген, ал “КР азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору” деп аталат. Ушул жобонун негизинде азык-түлүк коопсуздугунун абалын баалоо үчүн негизги 9 азык аныкталган, алар: нан жана нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары жана жумуртка. Ушул 9 азык менен өзүбүздү тилекке каршы толук камсыздай албайбыз, импортко көз карандыбыз. Биздин ассоциациянын баалоосу боюнча картошка жана сүт, сүт азыктары менен гана өзүбүздү толук камсыздай алабыз. Калган 7 продукциянын ар бири боюнча канча бир пайызда сырттан келген продукцияларга көз карандылык бар. Мөмө жана жер-жемиштер сезондук учурда – жазында жана кышында сырттан кирет, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча да абал ушундай.

Ал эми кумшекер боюнча 40 %, өсүмдүк майы боюнча 90 % импортко көз карандыбыз. Эт жана эт азыктары үчкө бөлүнөт, кызыл эт, ак эт жана балык менен камсыздоодо импортко көз карандылык баары бир бар. Ал эми жумуртканын 45 % сырттан кирет.

 Ушундай көз карандылыктан арылуу үчүн азыр кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатат?

— 2020-жылы биздин ассоциация Айыл чарба министрлиги менен бирге атайын изилдөө жүргүзүп, ошонун негизинде “Агрардык өнүктүрүүнүн концепциясы” иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө концепция өкмөттө, бирок андагы кластердик өнүктүрүү боюнча иш-чаралар азыр башталды. Себеби кластердик өнүктүрүү менен негизги маселелерди чечсе болоруна көз жетти, ошондуктан ага олуттуу маани берилүүдө. Буга чейин деле өкмөт тарабынан бир топ жардам болгон. Отуз жыл аралыгында айыл чарбасына болжол менен 30, 40 млрд. сомдой кредит берилген экен. Буга карабай, жогоруда аталган 9 негизги азык-түлүк боюнча жетишсиздик чечилбей келген.

 Кластердик өнүктүрүү деген эмне?

— Бул бир тармактагы өндүрүштүн бири-бирине байланышта, бири-бирин толуктоо менен түзүлүшү. Айыл чарбасындагы кластерде агрегатор болот, үрөн себилип өстүрүлүп, сатууга жеткиче ортодо ортомчулар жок тыгыз байланышта иш жүрөт: фермер жер айдайт, суу, жер семирткич менен камсыздалат анан продукцияны өндүрөт, акырында анын продукциясы агрегаторго жетет. Азыр кластердик каржылоо менен бардык жоопкерчилик агрегаторго анан фермерге жүктөлөт. Фермерге 6% менен кредит берип ага мынча жер айдайсың, мынча көлөмдө продукция чыгарасың, анан өндүргөн продукцияңды жүз пайыз агрегаторлорго бересиң, продукциям сатылбай, өтпөй калат деп кабатыр болбойсуң деп жатышат. Ал эми агрегаторлор буга чейин бизге чийки зат жетпейт деп даттанып келишкен да, эми аларга да 6% кредит берилет, бирок аларга фермерлердин түшүмүн толугу менен сатып аласың деп шарт коюлуп жатат. Демек, түшүм өндүрүлгөндөн сатып алуучунун колуна тийгиче бирдиктүү байланышты кластердик өнүктүрүү десек болот.

— Акыркы кезде Министрлер Кабинети кризиске каршы чараларды кабыл алып, азык-түлүк коопсуздугуна бөтөнчө көңүл бурулуп жатат. Демек, кластердик өнүктүрүүгө да каражат бөлүндү да?

— Азыркы учурда кризиске каршы иш чараларга жалпысынан 26 млрд. сом бөлүнөт деп айтылды. Анын ичине айыл чарбасын өнүктүрүүнү кластердик каржылоого 9 млрд. сом бөлүнө турганы белгилүү болду. Бүгүн ушул маселе чечилсе, жогоруда айтылган негизги азык – түлүктөрдүн импортуна болгон көз карандылык бир топ деңгээлде азаят эле.

Кластердик каржылоо менен өнүктүрүү бизде буга чейин болгон эмес. Бирок ушул ишке ашса эле, демек биз өсүмдүк майы менен өзүбүздү толук камсыздап калабыз дегенди билдирбейт. Өкмөт фермерлерге стимул берип, импорттон көз карандылыкты жок дегенде 5, 10 пайызга азайтууну көздөп жатат.

Бир ай мурда ушунча каражат бөлүнөөрү айтылган. Президенттин, Министрлер Кабинетинин башчысынын да тапшырмасы бар экендигине карабастан, каражат бөлүнө элек. Ишкерлер, фермерлер акча качан берет деп күн сайын сурап жатабыз.

 Каражат бөлүнбөй жаткандыгынын себеби эмнеде?

— Баарыбыз тең азыркы абалды түшүнүп турабыз, ушул жылдын 16-мартында кластердик өнүктүрүүгө кредит бөлүү боюнча Министрлер Кабинетинин токтому чыккан. Биз ошондон бери эле “Айыл банк” менен “РСК банктан” сурап жатабыз, бирок алар бизге каражат түшө элек деп жатышат. Себебин сураштырсак, башында 9 млрд. сом деп айтылды, бирок быйыл анын жарымы эле бөлүнөт дешти. Анткени бул бюджеттен бериле турган каражат болгондуктан, алар бюджетке түшө элек. Сыягы, бюджетке каражат түшкөн сайын бөлүнүп турат окшойт. Бирок ушул кезде 400 млн. сомдой каражат түшкөнүн айтып жатышат, ага карабай кредит берүү иштери баштала элек. Себеби агрегаторлор менен фермерлерге коюлган талаптардын аткарылышы боюнча иштер жүрүп жатат окшойт.

Эгер каражат убагында берилбесе, фермер убагында жер айдай албаса, демек күзүндө сырттан кире турган продукцияга көз карандылык көбөйөт экен да?

— Эгерде чын эле бардык иштер өз убагында жасалбаса, ошондой болот. Себеби, айыл чарбасы жер айдоо менен эле бүтпөйт да. Башка жасала турган иштери көп. Каржылоо баарына бирдей убакта болбосо кластер жарым-жартылай иштеп калышы мүмкүн. Азыр каражаттан башка фермерлер суу маселесин да көтөрүп жатышат.

 Быйыл да суунун аз боло турганы айтылып жатат. Ушул маселени чечүүнүн жолун издеп жатасыздарбы?

— Суу маселесинде циклдер бар. Эксперттердин айтымында быйыл да суу аз болушу күтүлүп жатат. Биз ассоциация катары бул маселе боюнча өз сунушубузду бергенбиз. Азыркы күндө биз көрүп жаткан суулар башынан агып, керектүү жерге жеткиче 20, 30 % ортодо жок болот экен. Каналдардын башынан аккан суунун ошончо бөлүгү жерге сиңип кетет, албетте бул чоң көйгөй. Экинчиден, жер үстүндө канча суу болсо, жер астында да ошончо суу болоору белгилүү.

2021-жылы 8-февралда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча Президенттин жарлыгы чыгып, анда аткарыла турган 25 иш чара жазылган. Ошондо айыл чарба багытындагы скважиналарга лицензия берүүнү жокко чыгаруу каралган. Бул дагы эле аткарыла элек. Мисалы, Чүйдө жер астындагы сууларды биз колдонсок, колдонбосок деле жер асты менен агып Чу дарыясына куят экен. Баары бир суулар бизден төмөн турган кошуна өлкөлөргө агып жатат. Бул маселеде бизди Айыл чарба, Экономика жана коммерция министрликтери колдоп жатат, маселе Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде калды. Себеби лицензияны ушул министрлик берет, анын адистери жер астындагы сууларга тийсек, катастрофа болот, булгануу болот деп коркуп жатышат. Бул маселени Президент баштап колдоп лицензия берүүнү жокко чыгарганы менен, бирок маселе ушу кезге чейин чечиле элек. Биз өкмөткө ушуну чечип бергиле деп жатабыз. Бүгүнкү күндө жок дегенде Чүй боорунда жер астындагы сууларды пайдалануу менен фермерлердин маселесин чечүүгө болот. Анткени биздин жерибиз тоолуу болгондуктан сугарылбай турган жерлер бар. Ошон үчүн жер астынан суу алууга уруксат берилсе, көп жеңилдик болот эле. Лицензия алуу үчүн фермер да аябай чуркап, анүчүн Бишкекке гана келүү керек экен, бул дагы чоң тоскоолдук.

 Жаз, жай өтүп, күз бат эле келет. Күзүндө бизди эмне күтөт? Акыбал азыркыдан оор болобу же жеңилдейби?

— Бизде каржы, суу маселеси чечилсе эле бир топ иштер илгерилеп кетет эле. Баарыбыздын максатыбыз сырттан кире турган импортту азайтуу, өз өндүрүшүбүздү көбөйтүү болушу керек. Өз каражатыбыз, өз продукциябыз өзүбүздө калганы жакшы. Бирок азыркы чечилбей жаткан маселелерден улам, көлөмдөр азайып биз күткөндөй болбой калышы ыктымал.

 Силер кошуна мамлекеттер кандай аракет кылып жатышканынан кабарыңар, карым-катышыңар барбы?

— Пандемия, акыркы окуялардан соң, ар бир өлкө ата мекендик өндүрүүчүлөрдү биринчи орунга коюшуп, ушул багытта катуу иштеп жатышат. Кандай гана программа, долбоор иштелип чыкпасын, биринчи кезекте ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгынан карап жатканын көрүп жатабыз. Алар азык-түлүк коопсуздугун камсыдоодо муну эң башкы артыкчылык катары карап жатышат. Экинчиден, жашыл экономикага абдан зор көңүл бурулуп жатат. Бул демек, сууну үнөмдөө. Жогоруда суу скважиналарына лицензияны жок кылып берели, бирок силер да сууну үнөмдөп, тамчылатып сугарууга өткүлө дешкен. Биз макул болгонбуз. Анан дагы кошуналар жерге химикат жер семирткичтерди азыраак чачып, биогумус сыяктуу табигый жер семирткичтерге өтүү, органикалык жактан таза жашылча, жемиштерди өстүрүүгө чоң көңүл буруп жатышат. Азыркы күндө жаңы технологияларды колдонуп, таза жер-жемиштерди өндүрүү дүйнөдө чоң тренд болуп жатпайбы.

 Бизде ушундай алдыңкы технологияларды колдонгон, тамчылатып сугарууну ишке киргизген чоң чарбалар барбы?

— Бар. Бул боюнча Экономика жана коммерция министрлигинде жашыл экономика боюнча долбоор иштеп, бизге жакшы иштерди көрсөтүп келе жатат. Жыл сайын форум өткөрүп турушат. Буга чейин Экономика министрлиги менен Жаш ишкерлер ассоциациясы бирге өткөрүп келсе, былтыр Агроөнөр жай комплекси катары биз дагы уюштуруучу катары жашыл экономика боюнча форумду өткөрүүгө катыштык. Биз айыл чарбадагы жашыл тренддер, органикалык өсүмдүктөр боюнча, аларды ийгиликтүү пайдаланып жаткан фермерлерге көрсөтүп бердик. Бирок жашыл экономикага өтүү үчүн фермерлерге да олуттуу колдоо зарыл. Анткени фермерлердин баары дароо эле буга өтө албайт, тандоого мүмкүнчүлүк берип, өтүүгө шарт түзүлүшү керек. Биздин ассоциация бул боюнча көп маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби жогоруда айтылган 462 миң фермер билими, маалыматы жогунан өзү билгендей химикаттарды колдонуп, өз билгенин жасабасын деп аракет кылып жатабыз.

Анара Жумагулова

0