КР РФ Элчилигинин маалыматына ылайык, бул видеодогу жарандар Москвадан Соль-Илецкийге бараткан жарандар экен. Бул жарандар Москвада хостелде жашап жаткан, ал жакта тамак-ашы жана жатакана менен камсыз болушкан.
Кечээ, Соль-Илецкийде автобустар Бишкекке чыгып жатканда, Москвадагы жарандарга бирөө-жарым телефон чалып, алар да Кыргызстанга кетебиз деп Москвадан Соль-Илецкийге жолго чыгышыптыр.
Бул жарандардын арасында оору-сыркоолуулар жок. Москвадагы Элчилик жарандар Соль-Илецкийге жеткенде хостелге жайгаштырат.
Бүгүн Новосибирскте да жарандар чогулуп, Кыргызстанга кетебиз деген талаптарын коюп жатышат.
Соцтармактарда Токтайым Үмөталиеванын маалыматына ишенип алган бул жарандар жолдо калышты деген пикирлер да айтылып жатат.
Андыктан алыста жүргөн мекендештерибиз ушак-айыңдарга ээрчибей, расмий такталган маалыматтарга кулак салышса мындай кыйынчылыктарга дуушар болушпайт эле. Элчилик мекендештерибиздин жеңилин жерден, оорун колдон алуу жаатында алгылыктуу аракеттерди жасап жатат. Болгону интригага алдырып, албууттанбай туралы урматтуу мекендештер.
ЧЫНДЫК