Россия Финляндияга жаратылыш газын берүүнү токтотту

160

Финляндиянын Gasum мамлекеттик газ компаниясы Россия газ берүүнү токтотконун билдирди. Эми газ менен камсыз кылуу Финляндияны Эстония менен байланыштырган Balticconnector кууру аркылуу башка булактардан ишке ашырылат.

Ушул жуманын башында, 17-майда Gasum “Газпромдун” талабына ылайык, газ үчүн төлөмдөрдү рубль менен төлөөдөн баш тартып жатканын жарыялаган.

Финляндия 45 жылдан бери Россиядан жаратылыш газын импорттоп келет. 2015-жылдын декабрь айында келишим 2031-жылдын аягына чейин узартылган.

“Финляндиянын газ керектөөсүнүн көбү Россиядан келгени менен бул өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 6 пайызга жакынын гана түзөт”,- деп белгилейт Deutsche Welle.

Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта өкмөт “дос эмес” деп тааныган бардык өлкөлөр газ үчүн рубль менен гана төлөөгө милдеттүү. Кээ бир европалык компаниялар сунушталган схемага макул болушту. Финляндия аны келишимдин шарттарын бузуу деп эсептеп, талапты аткаруудан баш тарткан.

0