Реваншисттер саясатка аттанды!

419

Бишкек шаардык кеңеши Жогорку Кеңештен кийинки эле эң маанилүү шайлоо болуп саналат. 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болуп өтөт. Президент Садыр Жапаров үчүн бул абдан маанилүү процесс. Шайлоого кимдер жана кайсыл партиялар бара жатат деген суроо баарыбыз үчүн кызык. Эски бийликтин шарапаты менен куралып шайлоого аттанган НДПК партиясына терең көңүл буруп кароо зарыл. Алардын максаты жана шайлоого бара жаткан курамы өтө опурталдуу. Кайрадан реваншисттер саясатка аттанып, реванш алганы турушат. Аталган партиянын курамында 5-октябрь революциядан кийин кызматсыз калгандар, күздөгү парламенттик шайлоого катышып бирок акчадан жок же мандаттан жок калган азыркы бийликке ичте кеги барлар бара жатат. Алардын көбү шаардык кеңеште депутат болуп отурган, Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Биримдик» аркылуу алдыңкы тизме менен баргандар. Ал эми партиянын лидери Артур Медетбеков. Бул киши Кой-Таш окуясында комиссиянын курамында маанилүү ролду ойноп, Асылбек Жээнбековго ыңгайлуу чечим чыгарып берүүгө салым кошуп, жүгүнүп кызмат кылган. Аны менен бирге революциядан кийин айдалган Бишкек мэри Азиз Суракматов, ишсиз калган вице мэрлер, Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетова баштаган көкүрөгүндө таарынычы барлар бара жатат. Албетте булар эң көп добуш менен Бишкек мэрлигин алып, андан соң күздө Жогорку Кеңештин төрүнөн орун алып, азыркы бийликти «жалпайта» чабышы мүмкүн. НДПК — Бишкек шаардык кеңешиндеги эски бийлик менен тыгыз иштешкен депутаттар менен шаардык бийликтин экс-жетекчилеринин курамынан турганын эске алганда, булар эски системага салып шаардыктардын башын айлантып мэрияны колго алып коюшу ыктымал. Реваншисттер саясатка аттанганы өтө кооптуу жагдай…

Булак:Ачыксаясат

0