Республикада пневмония менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

121

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Январь-июнда пневмония оорусуна чалдыгуулардын саны

Нет описания.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда – 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында – 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди.

Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда – 25,3 пайызга жана Талас облусунда – 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна – 20,3%, Жалал-Абад облусуна – 17,6% жана Ош облусуна – 15,1% туура келди.

0