Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыковдун жакында кызматтан кетээри айтылууда. Күз айларында кетет, кетпейт менен араң ордун сактап калган Какебиз бул ирет ордун сактай албайт ɵңдүү. Ректор Канат Жалилович жаңы ректор болуп келе жатканда ишенич артып, университеттердин флагманы аталып келген окуу жайды гүлдɵтɵт деп үмүт менен колдоого алгандар арбын болгон. Тилекке каршы Жалилович бар жогу билинбеген ректор болду. Тагыраак айтканда Садыков кагаз жүзүндɵ эле ректор аты болгон менен, негизги «иштерди» проректор Турат Суранаев чечип атканы жашыруун эмес. Канча ирет текшерүү келсе дагы баардыгы менен тил табышып, ишти жайгарып аларды жолго салганды мыкты ɵздɵштүргɵн проректор мырза. Суранаевдин мындай ɵзгɵчɵлүү «ɵнɵрүнɵ» баа берсек болот. Университеттеги баардык маселени чечкен Суранаев ректор Садыковдун башын кантип айлантып алды экен деп таң калып бүтɵ албай атабыз. Канат Жалиловичтин да түбүнɵ жете турган болуп калды бул проректор Тукебиз…
Булак:Де-Факто