Рафик Мамбеталиевге нааразы болгондор УКМКга жете албай жатышабы?

525

Панфилов районунун Орто-Арык айылынын жогору жагындагы алтын
чыккан жерден чийеленген суроолор жаралууда. Бул кен байлыкты
Рафик Мамбеталиев менен Нурлан Молдокулов “Акжолтой Ресорс”
ЖЧКнын директору Алмаз Алимбековго сатышканы, учурда иш
башталуу алдында турганы, бирок айылдык кеңештин депутаттары
каршылык көрсөтүшкөнү кандай? Асыресе, элдин үлүшү менен экологиялык коопсуздук каралбаганы айтылып, нааразычылык
жаратууга ушундай көйгөйлөр себепчиби? Көпчүлүктү ынандыруу үчүн
түркүн айла-амалдар көрүлүп, айкындуулукту талап кылгандарга
коркутуп-үркүтүүлөр башталдыбы? Бул боюнча жергиликтүү кеңештин
депутаттары каңкуулашууда. Түпкүлүгүндө чоң акча ойноп, Рафик
Мамбеталиевдин күмөндүү иштерге аралашканы ачыкталабы?
Арыздангандардын үндөрү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге
жетпей жатканы да кошумчаланды.

Булак: “Азия Ньюс” гезити

0