“ПСЖ” менен “Челси” командалары Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты

317

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “ПСЖ” менен “Бавария” жана “Челси” менен “Порту” командалары оюн өткөрдү.

“ПСЖ” менен “Бавария” командаларынын жооптук беттеши 1:0 эсебинде германиялык команданын жеңиши менен аяктады. Алгачкы оюнда франциялык команда 3:2 эсебинде жеңип алган. Жалпы эсеп 4:4, бирок “ПСЖ” конокто көп гол киргизгендиктен жарым финалга чыкты.

Ал эми “Челси” менен “Порту” командаларынын жооптук беттеши 1:0 эсебинде португалиялык клубдун жеңиши мене аяктады. Алгачкы беттеште “Челси” 2:0 эсебинде уткан. Жалпы эсеп 2:1 болуп, англияык клуб кийинки баскычка көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, эртең, 15-апрелде Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде “Ливерпуль” менен “Реал” жана “Боруссия” менен “Манчестер Сити” командалары оюн өткөрөт.

0