Президент Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумда: ЕАЭБ экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратат

181

“Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратат жана ал тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра алат”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москвада II Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында модератордун Евразия институттарын өнүктүрүү жана бизнестин демилгелерин кошумча колдоо тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Биримдиктеги өзгөрүлбөс приоритети – бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу бөлүгүндө Евразиялык экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүү экенин белгиледи.

“Бул институттар товарларды ташуудагы талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө жөндөмдүү, улуттуктан жогору турган иштиктүү органдар болууга тийиш.
Бул үчүн алар мүчө-мамлекеттер тарабынан ЕАЭБдин укуктарын бузуу фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү, мындай бузууларды четтетүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө менен, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Биримдиктин алкагындагы чечимдерди аткарбагандыгы жөнүндө ЕАЭБ Сотуна доо арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Сиз белгилеп өткөн Евразиялык рейтинг агенттиги жана соода үйлөрү сыяктуу институттар, ошондой эле евразиялык экспортерлордун жана өндүрүүчүлөрдүн реалдуу керектөөлөрү гана эмес, учурдагы кырдаалды, анын ичинде ар кандай чектөөлөрдү эске алуу менен каржы жана мамлекеттик институттар үчүн да өзгөчө актуалдуу болуп жатат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратканын жана ал тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра аларын белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү ишкердик субъекттери (Биримдиктин ички рыногунда дагы) дуушар болгон чектөөлөрдү жоюу менен бирге Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн финансылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатып, инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирмек.

Садыр Жапаров бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мамлекет тарабынан колдоо – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө приоритеттүү милдет экенине ишенемин билдирди. Ушуга байланыштуу Союзда бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени изилдөө зарыл. Мындай институттун түзүлүшү, менин оюмча, бизнестин потенциалын чыңдоого, ой-пикирин эске алып, чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктарын коргоого өбөлгө түзөт.

“Акыр-аягы, мындай институт Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана пайда болгон маселелерди сотко чейинки чечүү механизмин түзүүгө жардам берет”, – деп белгиледи Президент.

Экинчи суроого байланыштуу Мамлекет башчысы, мүчө-мамлекеттердин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында алардын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, улуттук экономикаларды комплекстүү модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу – Евразиялык экономикалык биримдигинин негизги максаттары экендигине көңүл бурду.

“Биздин бирикмеде адам – биздин көңүлүбүздүн борборунда, башкача айтканда, ар бир адам, ар бир жаран кайсы бир мүчө мамлекеттин аймагында жүрбөсүн, өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек.
Ал эми бул үчүн алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, ишке орношууга, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, саламаттыкты сактоого жана спортко бирдей укуктарды камсыз кылуу зарыл.
Буга байланыштуу биз ушул жана башка ар түрдүү тармактарда жалпы союздук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну маанилүү милдет деп көрүп турабыз.
Бизнести колдоо жагынан биз баарыбыз улуттук деңгээлде колдоонун ар кандай түрлөрүн жана механизмдерин колдонобуз.
Ошол эле учурда, алардын институционалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам, мындай институттардын өнүгүшү ар бир өлкөдө калыптануунун жана өнүгүүнүн ар кандай баскычында турат, ошондой эле көрсөтүлгөн колдоонун көлөмү жана деңгээли боюнча да бир топ айырмаланат. Ошондуктан Биримдик бизнести, анын ичинде өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды финансылык жана финансылык эмес колдоонун ар кандай механизмдерин иштеп чыгууда”, – деп кошумчалады Президент.

Мындан тышкары ал, эртең Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында белгилүү бир каржылоо булагы менен тармактардагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү маселеси карала турганын белгиледи.

Бул биргелешкен өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, инвестициялык өсүштү стимулдаштырууга жана кошумча жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Президент туруктуу каржылоо булактарынын, анын ичинде импорттук бажы алымдарынын эсебинен түзүлүп жаткан механизмди мындан ары да кеңейтүү керек деген ишенимде.
Бул инструментти экономиканын башка тармактарында, мисалы, транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө, жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүүдө, ошондой эле энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн колдонсо болот.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү аспект – бул зарыл болгон программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мүчө мамлекеттердин стратегиялык пландоо системаларын интеграциялоону белгиледи.
Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер боюнча агенттигинин мисалында интеграциялык долбоорлорду даярдоо, аналитикалык колдоо жана каржылоо функцияларын аткарган ЕАЭБдин улуттуктан жогору турган өнүктүрүү институтун түзүү керек деп эсептейт.

Өз кезегинде, бүткүл евразиялык бизнести консолидациялоочу түзүмдөн турган ЕАЭБ Ишкерлер кеңеши бардык интеграциялык процесстерге жигердүү катышып гана тим болбостон, биздин бизнес чөйрөлөрүбүздүн потенциалын жогорулатуу үчүн зарыл болгон демилгелерди да активдүү көтөрүшү керек.

0