Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу суроолорго жооп берди

332

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу суроолоруна жооп берди.

Төмөндө маектин тексти:

— Садыр Нургожоевич, саламатсызбы.

— Саламатчылык.

— Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич алгачкы эле суроом сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге?

— Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп кетишкен. Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек, — деген тапшырманы бергем. Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду.

— Бул Баткен облусу жана Баткен эли үчүн кандай жакшылыктарды алып келет?

— Биринчиден, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат. Курулуштарды курушат. Жаңы, заманбап аэропорт салынат. Кыскасы, Баткен облусу тез убакыттын ичинде өнүгөт. Экинчиден, элдин да тез бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт. Кудай буюрса келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат. Баткен боюнча мына ушундай иштер жүрүп жатат.

— Дагы бир суроом, эмнеге Министрлер Кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок? Жогорку Кеңеште депутаттарыбыз да аз. Мени Баткендин кулуну катары ушул суроо кызыктырат.

— Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз.

— Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат?

— Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот.

Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда сурака ала албайсың. Шайлоодон кийин сурака алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек.

Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийлике келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди

(Газ жана Чоң — Талаа орто мектептери). Ал эми 7 мектептин курулуш иштери 75% аткарылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери улантылууда. Үч бала бакчанын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70% аткарылып, бүгүнкү күндө дагы иштер жүргүзүлүүдө. Үч оорукананын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70% аткарылып, бүгүнкү күндө иштер улантылууда.

Аталган курулуш иштерине 122 501 400 (бир жүз жыйырма эки миллион беш жүз бир миң төрт жүз сом) акча каражаты бөлүндү. 4 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери 50% аткарылып, бүгүнкү күндө аларда да иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 1 маданият, 1 спорт объектисинде капиталдык оңдоп түзөө иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди.

Аталган объектилердин капиталдык оңдоп түзөө иштерине 36 385 800 (отуз алты миллион үч жүз сексен беш миң сегиз жүз сом) акча каражаты бөлүндү.

Облустун аймагында 12 айыл таза суу менен камсыз болду.

Аталган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты 13 700 900 сом (он үч миллион жети жүз миң тогуз жүз сом).

Калыбына келтирүү боюнча 5 мектептин ичинен 1 толук бүтүп, пайдаланууга берилди, 4 мектептин иштери 80% аткарылып, бүгүнкү күндө иштер дагы жүрүүдө.

2 бала бакчанын курулуш иштери 80% аткарылып, жылдын аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

1 ФАПтын оңдоп түзөө иштери толугу менен бүттү.

Аталган иштерге 309 846 800 (үч жүз тогуз миллион сегиз жүз кырк алты миң сегиз жүз сом) акча каражаты бөлүндү.

Облустун аймагында жалпы 17,5 км жолдорго асфальтобетон каптамы төшөлдү. Лейлек районунун Кулунду-Максат-Арка жолу 11,3 км, Баткен районунун Ак-Сай-Рават 3 км, Көк-Таш-Чайхана тилкеси 1,2 км, Кадамжай районунун Ош-Исфана 178-179 км участогунун Чечме айылында 1 км, Үч-Коргон-Теңизбай 1 км автожолдоруна асфальт төшөлүп бүттү.

Аталган жолдорго асфальт төшөө үчүн жана стратегиялык маанилүү жолдордун курулуштарына 290 271 100 (эки жүз токсон миллион эки жүз жетимиш бир миң бир жүз сом) акча каражаты каржыланды.

Облустун аймагында 2 510 га айдоо жерлери өздөштүрүлдү.

Анын ичинен Баткен районунда 1200 га, Кадамжай районунда 1310 га жерлер өздөштүрүлдү.

Бул иштерге 192 100 000 (бир жүз токсон эки миллион бир жүз миң сом) каржыланды.

«Лейлек» суу сактагычын куруу долбоорун иштеп чыгууга 185 000 000 (бир жүз сексен беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө тендер жарыяланды.

2020-жылдын 25-ноябрында Максат дюкер 2 долбооруна КРӨ тарабынан 50,0 млн сом, 9-декабрында 50,0 млн сом, жалпы 100,0 (бир жүз миллион) млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Жалпы сугат суу тармагына 477 100 000 (төрт жүз жетимиш жети миллион бир жүз миң сом) акча каражаты каржыланды.

Облус боюнча 606.1 га жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына» которулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 558 токтомунун негизинде 300,0 га, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 559 токтомунун негизинде 150,0 га, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 557 токтомунун негизинде 151,1га, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы № 49 токтомунун негизинде 5 га жер аянттары «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.

Жалпы жогоруда аталган 7 тармактарга 1 249 806 000 (бир миллиард эки жүз кырк тогуз миллион сегиз жүз алты миң сом) акча каражаты каржыланды.

Дагы алдыда бир топ долбоорлор даярдалып жатат. Ошондуктан мындан ары министрим жок, депутатым жок дебегиле. Мындан ары баарын тең салмактап, адилеттүү карайбыз. Мурдакыдай кайсы айылдан күчтүү министр, күчтүү депутат чыкса үчтөн мектеп салдырып алмай болбойт. Биз өлкө боюнча баарын тегиз карайбыз. Депутаттар мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, бүттү. Алардын милдети ошол.

— Чындыгында, жергиликтүү тургундардан көп кайрылуулар болот. Бизге убакыт бөлүп берип, Баткен облусуна тиешелүү маселелер боюнча маалымат бергениңизге ыразычылык билдиребиз. Иштериңизге ийгилик!

— Президент С. Жапаров: Сизге дагы ыракмат!

0