Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен келди

97

 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

0