Песков Байдендин Путин тууралуу ыплас сөздөрүнө жооп берди

598

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин тууралуу айткандары боюнча комментарий берди. Анын сөзүн «РИА Новости» жазды.

«Бул — АКШ президенти үчүн өтө жаман билдирүү. Анын биздин өлкө менен алакасын жакшырткысы келбегени көрүнүп турат. Биздин аракетибиз да ушуга жараша болот», — деди Песков.

Ошондой эле ал буга чейинки тарыхта мындай көрүнүш болбогонун кошумчалаган.

Байден «ABC News» каналына берген маегинде Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого катышуу аракети үчүн жооп берерин айткан. Ошондой эле журналисттин Путин жөнүндө: «Сиз Путинди киши өлтүргүч деп эсептейсизби?» — деген суроосуна Байден: «Ооба» — деп жооп берген

0