Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат милицияга бүгүн эртең менен түшкөн. ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.
Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок атылып, сегиз киши каза болду. Алардын арасында жаракат алгандар да бар. Бул туурасында Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргендигин РИА Новости жазды.
Киши курмандыгына себепкер болгун адамдын кармалганы кабарланды. Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
«Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандардын саны сегиз кишиге жетти. Алтоо жаракат алган», — деп айтылган маалыматта.
ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин белгиледи.