Оштогу драма театрга Керимбек Калыкулов жетекчи болду

355

Ош улуттук драма театрына жетекчи болуп дайындалган Керимбек Калыкулов бүгүн 10-августта эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу маалымат театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Ага ылайык, жаңы жетекчини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырган.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош улуттук драма театрынын директорлук кызматына жарыяланган сынакка ондогон талапкерлер билдирме беришкен. Атайын комиссия алардын ишмердигин карап чыгып, соңунда Калыкуловдун талапкерлиги жактырылган.

41 жаштагы Калыкулов буга чейин Ош мэриясынын маалымат кызматын жетектеген жана ЭлТР, ОшТВ телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген.

0