Ош-Баткен-Исфана жолунда “Тико” жана “Хово” унаалары кагышып, айдоочу жабыркаган

21

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 108-чакырымында (Көк-Талаа айылы) “ДЭУ-Тико” менен “Хово” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен Тико унаасынын 24 жаштагы айдоочусу унаада кыпчылып калган.

Жеринде 4 куткаруучу жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

0