Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык башкармалыгынын Качыбек айылында 33 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып көз жумду. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.Каза тапкандар:Б. кызы М. 33 жашта, балдардын энеси;А.А. 10 жаштагы эркек бала;А.А. 9 жаштагы кыз;А.А. 4 жаштагы эркек бала;Милиция төртөөнү тең ис урганын билдирди.Окуя 10-январь күнү кечинде болгон.»Үй ээси устачылык менен алектенгендиктен трагедия болгон учурда жумушунда болгон. Келинчегинин жана үч баласынын каза болгонун 11-январь күнү билген. Ал үйүнүн эшиги бек болгондуктан талкалап кирип, үй-бүлөсүнүн каза болуп калганын көргөн», — деп айтышты милициядан.