Орусияда Украинадагы согушка катышуучуларга акча төлөө тартиби өзгөрдү

342

Новосибирск, Курган, Саратов жана Ульяновск облустарында Украинадагы согушка катышууну каалаган ыктыярчылардын жаңы батальондору түзүлүүдө жана аларга бир жолу төлөнүүчү 300 миң рубль сунушталууда. Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, ошол эле маалда Орусиянын аймактарында ыктыярчыларга акча төлөөнү кийинкиге жылдыруулар башталды.

Башкыртстанда согушка барууну каалагандарга берилүүчү 200 миң рублдан акча үч айга чейин тоңдурулганын бул аймактын бийлигинен кабарлашты. Ал эми суткасына төлөнө турган эки миң рубль айына бир ирет берилет.

“Саратов облусунун эки батальонунда бериле турган 150 миңден рубль эми жаңы эрежелерге ылайык согушка барууну каалаган келишимге кол койгондон кийин 3 айдан соң гана колуна ала алат”, – деп билдиришти жергиликтүү бийликтен.

Согушту изилдөө институтунун эксперттери эрежелердин мындай катаалдашына бийликтердин ыктыярчылар акчаны колуна алгандан кийин согушка баруудан баш тартышы ыктымал деген чочулоосу себеп болгонун айтышууда. Экинчи жагынан аймактарда ыктыярчыларга төлөөгө акча тартыш болуп жатышы да мүмкүн.

Өткөн аптада Чуваш жергесинен топтолуп Украинада согушуп жаткан “Атал” батальонунун кырктан ашуун ыктыярчылары келишимде каралган акча менен суткасына чегерилген каражатты колдоруна ала албай жатканын айтып, республиканын башчыларына кайрылышкан.

Чуваш республикасынын башчысы Олег Николаев 11-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, ар бир ыктыярчыга келишимге 50 миң рублден акча дароо колуна берилери, калган каражат болсо согуш талаасына киргенден кийин 3 айда төлөнө турганы айтылган. Кайрылууга кол койгон чуваш-орус аскерлери же бир ирет төлөнө турган акчаны, же суткасына деп берилүүчү каражатты ала албай жатканын айтышкан.

  • Ыктыярчылар батальондору (келишимчилер) Орусияда 2022-жылдын жаз айларынан тартып түзүлө баштаган: алгач алар Москвада, Чеченстан, Татарстан, Башкыртстан, Перм, Киров жана башка облустарда пайда болгон. Ыктыярчы менен Коргоо министрлиги кол койгон келишимге ылайык, жарадар болгон же каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жөлөк пул каралган.
  • Ыктыярчылар жаап-жашырылган жол менен согушка тартылышат. Алар аскер комиссариаттары эле эмес “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке компаниялар аркылуу кандуу талаага жөнөтүлөт.
  • Жакында Кыргызстандагы “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын ар кандай азгырык жарнамалар менен Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык жеке менчик аскердик компаниялар ттууралуу жазды.
  • Расмий эсеп боюнча, Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери орус армиясынын катарында согушкан Кыргызстандын эки жараны каза болгону ырасталды. Алар: Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов.
  • Орусиянын жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу кыргызстандыктар согушта каза болгону кабарланган.
0