Орусияда Кыргызстан менен Туванын жарандары мушташты

218

Санкт-Петербург шаарынын борборунда Кыргызстан менен Тува Республикасынын жарандары мушташты. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.Окуя 12-апрель күнү болжол менен саат 4:30 чамасында Садовая көчөсүндөгү «Money Honey» түнкү клубунун алдында болгон.ЖМКдагы маалыматка караганда, мушташта 4 адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.Ал эми полиция кызматкерлери 20 адамды кармашты. Кылмыш ишин козгоо маселеси дагы каралууда.

0