Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал наамдары мыйзамсыз берилгенби? УКМК текшерүүнү баштады

562

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмаз Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго, ошондой эле УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Талант Салиевге генерал-майор наамы мыйзамдуу берилгендигин текшерүүдө. Аталган маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгилей кетсек, Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал-майор наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга 2020-жылдын октябрь айында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган.

0