Өткөн жумада УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерин кармашып, коомчулукка ачык жарыя кылышты. Чоң пиар болду. Бул көрүнүштөн улам, ИИМдин алдындагы ГУУРдун начальниги Оролбек Акпаровдун ишмердигине токтолууга туура келет. УКТларды кармоо дал ушул эргулдун милдети эле. Тилекке каршы, Оролбек очоюп ордунан козголгуча “поезд өтүп кетет”. Баарынан кеч калууда… Илгери “ГУУР” дегенде кылмышкерлер титиреп, өлкөдөн качып жоголушчу. Азыр бул башкармалыкты эч кимиси тоготпойт. Себеби, жетекчиси Оролбек Акпаровдун билими, тажрыйбасы жетишсиз. Өз ишин так аткара албайт. Көптүн бири катары эле жүрөт да. Кесе айтканда, аталган системаны жоюп жиберсе кандай? Иштешпесе, вазыйпаларын аткарышпаса, эмне кылабыз? Мамлекеттин мойнуна жүк болуп, жөн эле айлык алып жүрө беришеби? Бул олуттуу маселе, ары же бери кылып чечиш керек. Эми чоңдор ой калчагыча Оролбек Акпаровду кызматтан кетирип, ордуна профессионал кадрды койбосо, абал оорлошо берет. Оңолбойбуз!
Булак: “Азия Ньюс” гезити