OCCRP: Казак президенти менен премьер-министри да тыңшалган

233

Уюшкан кылмыштуулуккка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасы менен Казакстанда уюлдук телефондору бузулуп, мыйзамсыз тыңшоого дуушар болгондордун тизмесин чыгарды.

Бул тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматанын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.

OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону Казакстан өзү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Башында бул тизмеде Казакстанда беш ысым болгон. Анын экөө журналист жана үчөө коомдук ишмер. Мындан тышкары тыңшалгандардын арасында чет элдик эки кишинин телефон номери чыккан.

OCCRP Казакстан боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун телефон номурлары каттоого алынганын таап чыкканын жарыялады.

Pegasus программасы телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун аныктап турганы аныкталган.

Иликтөө 2016-жылдан бери аңдуу жүргүзүлгөнү аныкталган дүйнөдөгү 50 миңден ашуун телефон номердин тизмесинин негизинде жүргүзүлдү. Тизме Forbidden Stories жана Amnesty International уюмдары аркылуу алынган.

Чалгын кызматтары үчүн чыгарылган Pegasus камсыздандыруу программасын израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан. Анын бул тыңчылык программасын Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр сатып алып, компаниянын негизги кардарлары болгону айтылат.

0