“Шайлоо таза өтсө биз жеңишке жетебиз”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Нурбек Мурашев билдирди. Ал Ноокен районундагы Масы айылынын тургундары менен жолукту.
Н.Мурашевдин айтымында, кыргызстандыктар үчүн жакшы шарт түзүлдү. Эми жарандар өзү каалаган талапкерге добуш бере алышат.
“Биздин партиянын катарында шайлоого аттанган депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ага ылайык, ким эң көп добуш алса, ошол талапкер депутат болот. 2010-2015-жылдардагы шайлоодо Ноокен району боюнча биринчи орунду алдык. 2020-жылы кандай ыплас шайлоо өткөнүн көрдүк. Анда да сиздер мени колдоп бердиңиздер, ыраазымын. Биз сиздер менен чогуубуз. Шайлоо таза өтсө биз биринчи орунду алабыз. Мен сиздердин колдооңуздарга ишенем”, – деди Мурашев.
«Альянс» – №3
Нурбек Мурашев – №11
Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. «Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК). Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.