Никола Скарамуццо: “Өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүүгө, туура концепция жана стратегиянын жоктугуна тынчсызданабыз”

113

2-июнда “Шератон” отелинде Жазык кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Бузуулар жөнүндөгү кодекстин жана Жазык – аткаруу кодекстеринин долбоорлорунун бет ачаары болуп өттү. Анда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин – мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктары боюнча жумушчу топтун теңтөрагасы Никола Скарамуццо төмөндөгүдөй сөз сүйлөдү:

– Биз донорлор, (Европа биримдиги) 2014-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын сот-укуктук рефоормасына олуттуу техникалык жана укуктук жардамдарды берип, инвестиция жасап келебиз. Аз убакыт мурда эле бекитилген кодекстер, анын ичинде кылмыш мыйзамдарына байланышкан кодекстер Кыргызстандын кылмыш мыйзамдарынан айрым кылмыштарды криминалдан арылтуу жана аларды жумшартуу же жокко чыгаруу жолу менен гумандаштырууда бир топ прогрессти көрсөттү, мунун ичинде кылмыш сот өндүрүшүн адилеттүү соттук териштирүүлөрдүн стандарттарына шайкеш келтирүү да бар. Булардан тышкары абдан көрүнүктүү иш болуп, жарандык, административдик жана кылмыш мыйзамдарынын мурдагы кылмыштардын жана административдик мыйзам бузуулардын аралашып кеткен акыбалынан айырмалап, алардын чек аралары такталып жана бөлүнгөнү жакшы прогресс болгон. Бул кодекстерди иштеп чыгуу жана аларды бекитип, күчүнө киргизүү 7 жылга (2012-2019-жылдар) созулган. Азыр алар алгачкы натыйжаларды берип жатат:
– кылмыштар жөнүндөгү билдирүүлөр жана арыздар бирдиктүү жана ыкчам катталууда, бул бардык кылмыштуу учурларды толугу менен иликтөөгө алып келет;

– айыпталуучулар жана жабырлануучулар үчүн адилеттүү соттук териштирүүнүн ишенимдүү кепилдиги – булар адамдын укугун жана негизги эркиндиктерин бузуп жаткан бардык тергөө аракеттерине соттук көзөмөл жүргүзүүнү киргизүүдөн сезилип жаткан бир нече гана натыйжалар;

– ушундай реформалардын натыйжасында Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын, анын ичинде узак убакыт бою тынчсыздандырып келген, өзгөчө кылмыш сот өндүрүшүнүн алгачкы мезгилиндеги ишмердүүлүгү тууралуу так маалыматтарды ала алышат. Натыйжада уруп – сабоолордун, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана гендердик негиздеги башка кылмыштар да көп каттала баштаган.

Ушундай учурда абдан кыска мөөнөттө кодекстерди кайра карап аларга конкреттүү сунуштарды киргизүү башталды. Ошол эле учурда процесске жол ачкан президенттик аппараттын жетекчисинин буйругунда кодекстерди “талдоо” тууралуу гана айтылат, андан тышкары олуттуу талдоолор жасалбай жана концепция же стратегия иштелип чыкпагандыгын да белгилешет. Мындай иштерди аткаруунун ордуна мамлекеттик мекемелер эски жоболорду кодекстерге киргизүүгө шашып калышты. Юридикалык эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан кескин сынга кабылып жаткан негизги жоболор булар:

– тергөөгө чейинки текшерүү – бул укук коргоо органдарына 20 күнгө чейин процессуалдык эмес иликтөөлөргө жол ачып, айрым кылмыш түрлөрүн каттабай коюу тобокелдигин жогорулатып, коррупциялык иш-аракеттердин кайтып келишин шарттап, өзгөчө бизнеске тиешелүү болуп жана кылмыштардын статистикасын манипуляция кылуу менен, кылмыш-процесстик мыйзамдардын алкагынан чыгууга алып келет;

– укук бузуулардын үч тепкичтен турган классификациясын жокко чыгаруу (кылмыш – кылмыштуу укук бузуулар – бузуулар) укукка каршы аракеттердин бөтөнчө криминалдашуусуна алып келет;

– кыска мөөнөттүү административдик кармоо жана камоого кайтып келүү – зарыл болгон процессуалдык кепилдиктери жок эркиндиктен ажыратууга алып келет;

– үй-бүлөлүк зомбулукту жарым-жартылай криминалдан арылтуу;

– айыпталуучулар үчүн соттук териштирүүлөрдүн адилет болуусунун алсызданган кепилдиктери;

– административдик процедуралардын алкагында карала турган аракеттер үчүн санкциялардын Бузуулар кодексине кайталанып киргизилиши.

Биз донорлор, кодекстердин азыркы баяндамалары жакында эле кабыл алынган кодекстерди тиешелүү деңгээлде талдоо менен өткөрүлүшүн, ар бир сунуш кылынып жаткан өзгөртүү көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерин эске алуу менен талкууланышын каалайбыз.

Биз донорлор, кодекстерди талдоолорду жана тиешелүү талкууларды жана дебаттарды адаттагыдай эле колдоого даярбыз.

Бирок азыркы процесс кандай жүрүп жаткандыгын – өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүү; тиешелүү талдоолордун жоктугу; туура концепциянын же стратегиянын жоктугу; кыска убакыттын алкагында жасоо; эксперттер менен жарандык коомдун уюмдарынын тиешелүү деңгээлде катышуусу жана талкуулары жок өтүп жаткандыгына, акыркы жети жылда Кыргызстандын жана анда жашагандардын кызыкчылыгы үчүн киргизилген прогрессивдүү жоболорго коркунуч келтире турган өзгөртүүлөр кандайча кирип жаткандыгына биз донорлор, абдан тынчсызданабыз.

Биз донор катары, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын бекемдөөгө багытталган сиздердин бардык аракетиңиздерди колдой тургандыгыбызга ишендирип кетем.   

0