“НБК курулуш” компаниясынын курулуш үстүндө кулап түшкөн жигит боюнча билдирүүсү

246

Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык түйүндөрдө биздин объекттин видеосунун тарап кетишине байланыштуу, абалды түшүндүрүүнү туура көрдүк. Ооба, объектте чындап кырсык болду. Ал 2021-жылдын 1- мартында болду. Жалданма уюмдун бир жумушчусу жабыркаган. Бүгүнкү күндө жабырлануучу жалпы бөлүмгө которулду, абалы стабилдүү. Белгилей кетсек, жабырлануучу “НБК курулуш” курулуш компаниясынын кызматкери болбогон учурда да, кырсыктаган убактан баштап биздин компаниянын кызматкерлери жабырлануучуну жана анын жакындарына бардык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Биздин компания бардык жактан тергөө органдарына кызмат көрсөтүп, суракка убагында барып жатат, уюмдаштыруу, уруксат документтерин, келишимдерди, видео жазуулардын бардыгын өткөрүп беришти.

Тергөө органдары жогоруда көрсөтүлгөн окуя боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

0