Навальныйдын штабдары ишин токтотконун кабарлашты

126

Москва шаардык соту Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жана Алексей Навальныйдын штабдарынын ишмердигин токтотуу боюнча прокуратуранын арызын канааттандырган чечим кабыл алгандан кийин штабдар өз ишин убактылуу токтотту.

Оппозициячынын тарапташтары мындан кийин мурунку форматта иштей албай турушканын, бул штабдын кызматкерлери үчүн кооптуу экенин жазышууда.

Аймактык штабдардын башчысы Леонид Волков иш токтогонун тастыктады. Ошол эле маалда ал прокуратура “Навальныйдын штабдары” деген коомдук уюмду ойлоп тапканын”, формалдуу түрдө мындай уюмдар жок экенин айтты.

Москванын прокуратурасы 16-апрелде Навальныйга байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондун, Жарандардын укугун коргоо борборун жана анын аймактык бөлүмдөрүн “экстремисттик” уюм катары табуу үчүн сотко кайрылган. Бул боюнча соттук баштапкы угуу 26-апрелде өтүп, ал эми сот жараяны 29-апрелге дайындалган болчу.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчилиги “Кремль азыр эле аларга ким каршы чыкса, бардыгын “экстремист” деп табууну талап кылды” деп билдирди. Алардын айтымында, бийликтин мындай шашылыш аракети ири каршылык акциясына жана Мамлекеттик Думага шайлоого байланыштуу болуп жатат.

Прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна, Жарандардын укугун коргоо фондуна жана Навальныйдын штабдарына карата аларды экстремисттик деп таануу боюнча доо арызы Москва шаардык сотунда катталган.

Фонддун өкүлдөрү сотко келип, иштин маңызы менен таанышууну талап кылганда, соттун кеңсесинен “материалдар мамлекеттик сыр” экенин айтып, иштин бир нускасын таанышуу үчүн берүүдөн баш тартышкан.

Навальныйдын штабдары Орусиянын ондогон аймактарында 2017-жылы, оппозиционер шайлоо алдындагы компаниясын баштаганда ачылган. Көптөгөн жерлерде ал шайлоодон кийин да иштеп, көчө акцияларын уюштуруп, үгүт материалдарын таратып, коррупцияга каршы иликтөөлөрдү жарыялап турган.

0