Насыя боюнча маалымат алмашуу тууралуу эмнелерди билүү зарыл?

14

 Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн кредик боюнча маалымат алмашуу процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук акты болуп саналат.

Кредит боюнча маалымат алмашуу системасы, калктын өздөрүнүн кредиттик таржымалдарына жасаган жоопкерчиликтүү мамилесин жогорулатууга жана ак ниеттүү кредиттөөнү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзө турган, банктардын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүдө жана аларга баа берүүдө маанилүү инструменттердин бири болуп саналат.

Кредит боюнча маалымат алмашуу процессинин натыйжалуу жүргүзүлүшү финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүнө жана кредиттердин сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул, өз кезегинде, калктын турмуш шарттарынын жакшыруусуна, ошондой эле банк системасынын туруктуулугуна таасирин тийгизет.

Кредит боюнча маалымат – бул кредиттик бүтүмдөрдүн абалы тууралуу, берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө (күрөө, гарантия, кепилдик берүү жана камсыздоонун башка түрлөрү) маалыматтар, ошондой эле финансылык абалды, кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөө тартибин жана кредит боюнча маалымат субъектисинин башка сапаттарын аныктоону шарттаган башка маалымат.

Ошентип, кредит боюнча маалымат бир жагынан банктарга потенциалдуу карыз алуучуну иликтеп чыгууга, иликтенген маалыматка жараша кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуу процессин оптималдаштырууга көмөк көрсөткөн инструмент болуп саналат.

Экинчи жагынан алганда, кредит боюнча маалымат карыз алуучуга өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн жана өз финансылык милдеттенмелерин аткарууда жоопкерчилигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө кредит боюнча маалымат алмашуу процессин улам жакшыртуу улантылып жатат. Алсак, маалымат алмашуу укугунун ченемдерин жана кредит боюнча маалыматты колдонуу тажрыйбасы калктын кредиттик ресурстардан адилет пайдалануусун камсыздоо, кредиттик бюро базасындагы маалыматтарды жана алардын сактоо мөөнөттөрүн оптималдаштыруу максатында мыйзам талаптарын өркүндөтүү зарылдыгына, жалпы алганда, кредиттик каражаттарды алуу үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жараткан учурларды четтетүү зарылдыгына алып келди.

Бар көйгөйлөрдү талдап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы№85 мыйзамы кабыл алынып, анын алкагында Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына да өзгөртүүлөр киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам талаптарында кандай шарттар өзгөргөндүгүн кеңири карап чыгалы.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамда позитивдүү жана негативдүү кредиттик маалыматтын аныктамалары берилген. Алсак, позитивдүү кредиттик маалымат – бул, карыз алуучулар тарабынан өздөрүнүн милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусун күбөлөндүргөн маалымат. Ошол эле учурда негативдүү кредиттик маалымат – карыз алуучу тарабынан өз милдеттенмелерин 90 (токсон) календардык күндөн ашык убакыт аткарбагандыгын камтыган маалымат. Аны менен бирге, эгерде милдеттенмелер өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында аткарылбаса, келишим милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү кредиттик маалыматка киргизилбейт.

Бул жаңы өзгөртүүлөр кредит боюнча маалыматты бир системага салууга, ошондой эле кредиттик бюролор тарабынан маалымат базасын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Банктар кредиттик билдирмени карап чыгууда анын мазмунун толугу менен иликтеп чыгышат. Албетте, потенциалдуу карыз алуучунун 2-3 күнгө кечиктирүү менен кредитти төлөө мөөнөтүн бир-эки жолу өткөрүп жиберген учуру менен карыз алуучунун кредиттик таржымалында өз милдеттенмелерин аткарууда бузууларга көп жолу жол берген учурларынын ортосунда айырмачылыктар бар. Банк тарабынан мындай учурлар, албетте, кредит берүү жөнүндө маселени карап чыгууда сөзсүз эске алынат.

Буга кошумча, банктар кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берген башка критерийлерди да карап чыгышат. Мында, кредиттик таржымал – бул, банкка карыз алуучунун билдирмесиныкчам карап чыгууга жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууга мүмкүндүк берген маалыматтар жыйындысы. Ошондуктан, банк кызматташууну каалаган кардарлардын катарында болуш үчүн карыз алуучунун кредиттик таржымалы кынтыксыз болууга тийиш.

Ушул жерде, кредиттик таржымал жок болгон учурда, банктын сиздин кредитке коюлган талаптарды кандай аткара тургандыгыңыз боюнча маалыматы жок болот, мындан улам банктын сиз менен келечекте кызматташууга объективдүү баа берүү мүмкүнчүлүгү болбой тургандыгынбелгилеп кетүү керек.

Акыркы өзгөртүүлөр кредит боюнча маалыматты сактоо мөөнөтү жагында да киргизилген. Алсак, жогоруда айтылгандай, кредиттик таржымал кредиттик бюродо 7 жыл сакталчу. Мындай мөөнөт көп учурда мөөнөтү өтүп кетүүгө жол берген карыз алуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеген. Бул жыйынтыгында банк алдында өз милдеттенмелерин кечиктирип болсо да аткарган карыз алуучулардын андан ары финансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өз таасирин тийгизген. Бүгүнкү күндө негативдүү кредиттик маалыматты сактоо убактысы 5 жылды, ал эми позитивдүү маалыматты сактоо мөөнөтү 7 жылды түзөт. Кредиттөө жыл сайын өнүгүп жаткандыгын эске алганда, киргизилген өзгөртүүлөр калктын финансылык каражаттардан жеткиликтүү пайдалануусун арттырууга оӊ таасирин тийгизет деп болжолдонууда.

Мыйзам долбоорунун алкагында каралган кошумча проблемалардын бири болуп, карыз алуучулардын кредит берүүчүлөрү жоюлган учурлар кездешип, алган карыздары«орто жолдо калып калган» учурлар болгон. Мындай кырдаал карыздары орто жолдо калып калган карыз алуучуларга кредиттик таржымалдарын оңдоого мүмкүндүк берген эмес, анын натыйжасында мындай карыз алуучулар үчүн андан ары кредит алууда көйгөйлөр жаралган.

Ушуга байланыштуу, Мыйзамда кийин жоюлган берүүчү тарабынан берилген кредиттик маалымат, кредиттик таржымалда камтылган маалыматка акыркы өзгөртүү киргизилген күндөн тартып, беш жыл сактала тургандыгы каралган.

Кредиттик маалыматты берүүчүлөр (банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары) тарабынан кредиттикмаалыматтын субъектисинин макулдугусуз кредиттик бюрого негативдүү кредиттик маалыматты берүү жагында да өзгөртүүлөрдүн киргизилиши маанилүү болуп саналат. Буга чейин кредиттик маалымат субъектинин макулдугу менен гана берилген.

Бул өзгөртүүлөр кызыкдар болгон тараптарды толук жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн киргизилген. Ал натыйжалуу жана ыкчам чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле банктардын тигил же бул карыз алуучуга кредит берүүсүнө байланышкан өздөрүндөгү тобокелдиктерге баа берүүгө өбөлгө түзөт.

Ошентип, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр кредиттик маалымат алмашуу боюнча процесстеринин ыкчам жүрүшүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кредиттик бюродо сакталуучу маалыматтардын ишенимдүүлүгү менен толук болушун камсыздоого багытталган.

Бүтүндөй алганда, кредиттөө субъектилери жөнүндө ишенимдүү, анык маалымат менен алмашуу жана аларды топтоо системасынын натыйжалуу иштеши жеке адамдар менен юридикалык жактардын түшүнүгүн жана төлөө тартибин бекемдейт, бул финансы-кредит уюмдарынын ишине оң таасирин тийгизүү менен алардын тобокелдиктерин төмөндөтүүгө шарт түзөт.

Ошону менен бирге, карыз алуучулар тарабынан алгылыктуу кредиттик таржымалды түзүү потенциалдуу кредиторлордун карыз алуучуга болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле финансы институттары мындай карыз алуучулар менен кызматташууга ашыгышат.

Кредит боюнча маалымат алмашуу жана аны колдонуу чөйрөсүндө жарандардын активдүүлүгү жылдан-жылга өсүүдө. Алсак, 2010-жылга карата кредиттик бюролордун базасында 659 488 кредиттик таржымал болсо, 2020-жылдын 31-декабрына карата базада 4 млн 246 миң 512 кредиттик таржымал сакталган.

Жарандардын өздөрүнүн кредиттик таржымалынын сапатына жана карыз алуучунун төлөм портретин түзүү маданиятына кыйла жооптуу мамиле жасаган тенденциясы байкалып жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Мындай алгылыктуу динамика, кредит боюнча маалымат алмашуу процессин андан ары өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизе тургандыгы шексиз.

0