Нариман Түлеев АШКнын чечими боюнча пикирин билдирди

491

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды. Буга чейин аталган комиссия үч партияны шайлоодон четтеткен.

Алар КЭДП, “Эмгек” жана “Ак-Бата” партиясы. “Ак-Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев алардын партиясын шайлоодон четтеткенине макул эместигин билдирди. Ал сотко кайрылбай турганын белгиледи.

“Ак-Бата” партиясы жана мен жаңы шайлоого даярбыз. Биздин саясий уюм туура эмес ыкмаларды колдонгон талапкерлерден тазаланат. Эми талапкерлер дагы, жөнөкөй жарандар дагы таза эмес, ыплас шайлоо убагы бүткөнүн билишет”, – деп жазылат кайрылууда.

Булак:Супер.кж

0